Марал Радиосу

Венесуэланын карызы өткөн жылы 2 эсеге өскөн

Өткөн жылы Венесуэланын жалпы карызы 156 млрд долларга жетип, 2017-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ага ылайык, өлкөнүн карызы экспорттун 738 пайызын түзүп, дүйнөлүк рекорд койгон.

Тышкы карыздын 90 пайыздан ашыгы өкмөткө жана мамлекеттик PDVSA мунай компаниясына таандык.

Венесуэла Орусия менен Кытайга 26 млрд $ берүүгө тийиш.