Марал Радиосу

Италиянын карызы күн сайын 100 млн еврого өсүп жатат

Италиянын мамлекеттик карызы бир мүнөтүнө 70 миң евро, саатына 4,2 миллион евро, ал эми күнүнө 100 млн еврого өсуп жатат. Бул тууралуу сенатор Марко Перозино билдирди.

Маалыматка ылайык, Италиянын жалпы мамлекеттик карызы 2,35 трлн еврого жетти. Ал эми өлкөнүн бир жылдык ИДПсы 1,75 трлн евронү түзөт.

Мамлекеттин карызы ИДПнын 134 пайызын түзөт.