Марал Радиосу

Кабулдагы жардырууда 14 киши жарат алды

Ооганстандын борбору Кабулда катталган жардырууда кеминде 14 киши жапа чекти. Бул тууралуу TOLOnews телеканалы билдирди. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилген.

Жардыруу 13-полиция округунда моджахеддердин лидери Абдула Али Мазаринин өлгөнүнүн 24 жылдыгына карата уюштурулган эскерүү иш чара өтүп жаткан жайга жакын жерде болгон. Белгисиз бирөөлөр миномет менен да бир нече жолу аткылашкан.