Марал Радиосу

Дастанбек Жумабековдун кеңешчиси кызматынан бошотулду

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жогорку Кеңештин аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен кат (№6-993/19) боюнча алдын ала иликтөө иштерин жыйынтыктаган.

Алмазбек Сабырбеков Төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жоопту кызматкер болчу.

Аталган кат боюнча учурда иликтөө иштери уланууда.