Марал Радиосу

Балдар жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун жетекчиси кызматынан бошотулду

Балдар жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун жетекчиси Алексей Петрушевский кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алексей Петрушевский Эмгек кодексинин 326-беренесинин 2-пунктуна жана 82-берененин 12-пунктуна ылайык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын чечими менен кызматынан бошотулду.

Буга ылайык, эмгек келишими мөөнөтүнө карабастан жана себебин билдирбестен токтотулушу мүмкүн. Өз кезегинде мурдагы директорго мыйзамдын негизинде компенсация төлөнүп берилет.