Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда аялдарга 17 доллардан берилүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 590 | 0

Түркмөнстанда Эл аралык аялдар күнүнө карата аялдарга 17 доллардан бериле баштады. Облус жана шаар башчыларына президенттин акчалай белектерин таратуу тапшырмасы 4-мартта берилген.

Быйыл өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов 8-март майрамына карата акчалай сыйлыктан суммасын жогорулатты. Буга чейин 14 доллардан берилип келген.

Президенттик белекти тапшыруу салтанаты өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарынан көрсөтүлүп, алып жаткан жарандар ыраазычылык катары белектерди жүзүнө тийгизишет.

Өлкө президент Гурбангулы Бердымухамедов 8-март майрамынын алдында мамлекеттик ишканаларда иштеген аялдарга, окуу жайларда окуган жана бала бакчаларда тарбияланган кыздарга 2011-жылдан бери белек берип келет. Мындан тышкары пенсия жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алган жарандар президенттин атынан бир жолудан акчалай жардам алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM