Марал Радиосу

Кулматов менен Ибраимовдун соту 13-мартка жылды

Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштери бириктирилип, башталган соттук отурум кийинкиге калтырылды.

Соттук отурум Кубанычбек Касымбековдун судьялыгы менен башталган соттук отурумда экс-мэрлердин ишине байланыштуу дагы 12 кишиге айып коюлган. 14 айыпталуучунун айрымдарынын жактоочулары келбей калганына байланыштуу соттук териштирүү иштери 13-мартка жылдырылды.

Экс-мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев жана башка юристтер имараттын тардыгын, иштөөгө шарттын жоктугун, соттук процедуралардын бузулушун айтып даттанышты.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушу боюнча коррупциялык ишке айыпталууда. Ошондуктан алардын иши бириктирилген.

Бишкектин Ленин райондук сотундагы отурумда журналисттер, айыпталуучулардын туугандары жана жакындары киргизилбей, видео жана сүрөт тартууга да тыюу салынды.

Exit mobile version