Марал Радиосу

Чүйдө жубайлардын 310 миң долларын тоноп кетишти

Чүй облусунда белгисиз бирөөлөр жубайларга ок чыгарып, алардын 310 миң доллар акчасын алып кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

6-мартта Аламүдүн райондук ИИБне жол кырсыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Анда Беш-Күнгөй айылында белгисиз бирөөлөр «Тойота-Харриер» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусуна кол салып, дээрлик 310 миң долларын алып кетишкен. Унаанын ичинде айдоочу жана анын жубайы болгон.

Алдын ала маалыматка ылайык, «Субару-Форестер» үлгүсүндөгү унаадан белгисиз адамдар тапанча менен чыгып, акчаны алып кетишкен.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Жабыркагандар ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген.