Марал Радиосу

Азербайжан Кыргызстандан картошка сатып алат

Азербайжан мамлекети Кыргызстандын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен 2 миң тонна картошка сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов  билдирди.

Анын айтымында, учурда картошканы транзиттөө боюнча маселе чечилүүдө.

Эске салсак, 26-февралда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев “Марал” радиосуна Кыргызстандын картошкалары Өзбекстанга сатыла баштаганын айткан. Кошуна өлкөгө картошка ташуучу компания менен келишим түзүлүп, 5 миң тонна картошка даярдалууда. Андан тышкары өзбекстандык 10 топ картошка сатып алып жатканын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда ички керектөөнү кошкондо, сатылбай турган 70 миң тонна картошка бар.