Марал Радиосу

Нурбек Мамбетакунов жаңы кызматка дайындалды

Нурбек Мамбетакунов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Президенттин башка буйругу менен Закир Коомбаев Кыргызстандын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары болуп дайындалды.

Exit mobile version