Марал Радиосу

УКМК: Рыскелди Момбеков суракка чакырылган жок

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун УКМКга чакырылганы кабарланды. Бул тууралуу бир катар массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бирок атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов мындай кабарды “Маралга” төгүндөп, ал жөн гана кызматтык жолугушуу экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, айрым басылмалар Рыскелди Момбековдун “ТЭЦ-2” конушундагы сөзү үчүн суракка чакырылганын жазышкан. Анда депутат “Эгер жакын арада толкундоолор чыга турган болсо бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамиледен эмес, сот менен элдин ортосундагы алакадан чыгат”, — деп айткан болчу.