Марал Радиосу

«Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

«Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизилди. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеӊеши тарабынан 2019-жылдын 16-январында кабыл алынган.

Мыйзам саламаттык сактоо чөйрөсүндө укуктук мамилелерди жөнгө салган карама-каршылыктарды четтетүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.