Юстиция министрлигинин алдында Пробация департаменти түзүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, департамент 2020-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт.
Пробация кызматынын милдеттери укук коргоо органдарынан жарандык мекемеге өткөрүп берилген. «Пробация тууралуу» мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке кирген.