Марал Радиосу

Аялдарга акысыз медициналык текшерүү акциясы өтөт

8-Март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкектин Октябрь райондук үй-бүлөлүк медицина борбору бүгүн, 5-мартта акция өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

«ден соолук күнү» аталышындагы акцияда аялдар акысыз медициналык текшерүүдөн өтө алышат. Мисалы, кан анализин тапшыруу, кан басымын өлчөө, УЗИ аппаратынан текшерүүдөн өтүү жана башка текшерүүлөрдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.