Марал Радиосу

Трампка карата масштабдуу иликтөө жүргүзүлөт

АКШ президенти Дональд Трампка карата масштабдуу иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу БиБиСи орус кызматы жазды.

Буга байланыштуу конгресс орус лидери Владимир Путиндин бизнесмен Евгений Пригожин жана орусиялык миллиардер Виктор Вексельберг менен байланышы бар компаниянын документтерин сурады.

Трампка карата жаңы иликтөөнү демократ Джеррольд Надлер жетектеген палата өкүлдөрүнүн юридикалык комитети жүргүзүүдө.

Конгрессмендердин пикиринде, Трамп коррупция жана бийликти кыянат пайдалануу, сотторго кийлигишүү боюнча шектелүүдө. Ошол эле учурда демократтар Ак үйдөн Трамптын Путин менен жашыруун сүйлөшүүсү боюнча маалыматтарды сурады.

«Трамп Путин менен болгон сүйлөшүүсүн башка аткаминерлерден, конгресстен жана АКШ элинен бир топ убакыттан бери жашырып келди”, — деп айтылат конгрессмендердин билдирүүсүндө.