Марал Радиосу

ИИМ Москвадагы кыргызстандыктарды чагымга алдырбоого үндөдү

Москва шаарында жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар арасында WhatsApp мессенжери аркылуу кыргыз тилинде аудио жазуу менен тез чогула калууга үндөгөн чакырыктар тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Аскат Алиев «Фейсбуктагы» баракчасына Москвада эмгектенип жүргөн кыргызстандык жаштарга кайрылды. Ал жаштарды чагымга алдырбоого үндөгөн.

Чакырууда Москвада жашаган кыргыз балдарына чогулууга, себеби кыргыздарга башка улуттагы балдар кыр салганы айтылат. ИИМдин маалыматында мессенжер аркылуу келген билдирүүдөгү дарек менен чогулгандар да болду.