Марал Радиосу

Кыргызстандын хоккей командасы биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатка катышат

Кыргызстандын хоккей курама командасы өзүнүн тарыхында биринчи жолу жогорку квалификациялык дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Турнир 31-марттан 6-апрелге чейин Абу-Даби шаарында өтөт.

Бул турнирге алты команда бир-бири менен бир айлампада ойношот. Дивизион III турнирине бир команда гана уруксат алат.

2019-жылы Дивизион III  турниринде алты команда ойнойт . Алар Люксембург, Болгария, Түркия, Кытай Тайбэйи, Түштүк Африка жана Түркменстан.  Командалар Дивизион II турнирине жолдомо алуу үчүн ат салышат.

Кыргызстандын  хоккей командасы акыркы оюнун 2017-жылдын 26-февралында Японияда өткөн Азия оюндарында ойноп, Түркменстанга 3:7 эсебинде жеңилген болчу.

Кыргызстандын Улуттук хоккей командасы 13-мартта турнирге даярданып баштайт.