Марал Радиосу

Бүгүн Бишкекте катуу шамал болот

4-мартта жакынкы 3 саат аралыгында жана 5-мартка караган түнү Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы болжол менен секундасына 15-20 метрге жетет. Мындай шамал Талас облусунда да катталары эскертилген.