Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Ишкердикти тейлөө борбору түзүлөт

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 559 | 0

Кыргызстанда Ишкерликти тейлөө борбору түзүлөт. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

Ага ылайык, 2019-2022-жылдарга карата Ишкерликти тейлөө борборун түзүү жана ишин уюштуруу Концепциясы бекитилди.

Аталган борбордун милдети төмөнкүдөй:

—  ишкер менен мамлекеттин ортосунда түз байланыштарды жокко чыгаруу;

—  ишкердик ишин мамлекеттик жөнгө салуунун ачык системасын түзүү;

—  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана лицензия- уруксат берүү документтерин алууда ишкерлердин чыгымдарын кыскартуу;

—  ишин жаңы баштаган ишкерлердин потенциалын жогорулатуу;

—  чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин техникалык көндүмдөрүн жана компетенцияларын жакшыртуу;

—  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана лицензия-уруксат берүү документтерин алууда коррупцияны төмөндөтүү.

Борбор ошондой эле билим берүү, маалыматтык, финансылык жана консалтингдик кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле уруксат-лицензияларын берүү мамлекеттик кызматтары боюнча ишмердигин жүргүзөт.

Белгилей кетсек, бул демилге Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) жана ЕККУ Программалык кеңсесинин өнүктүрүү боюнча өнөктөштүгүндө ишке ашырылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM