Марал Радиосу

“Көчмөндөр ааламына” барган кыргызстандыктардын жүрүм-туруму сынга алынды

Сауд Аравияда өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламына» барган кыргызстандыктардын өзүн алып жүрүүсү сынга кабылды. Журналист Бегимай Жаныбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Кыргызстандын маданият кызматкерлери башка өлкөдө жүргөндө да маданиятын сактаса жакшы болмок. Алар биздин мамлекеттин жана улуттун жүзү экенин эстен чыгарбашы керек. Күн сайын баштарынан калпактарын түшүрбөй, өздөрүн патриот эсептеп жүргөнү мактоого татырлык, бирок бул жердеги өздөрүн алып жүрүүсү  жийиркеничтүү”,- деп жазган.

Анда Сауд Арабияга  “Көчмөндөр ааламы” фестивалына  Кыргызстандын маданиятын, үрп-адатын, салтын тааныштырууга  1000ге жакын маданият кызматкерлеринин бара турганын, азырынча алардын 500 гө жакыны барып, борбордон анча алыс эмес жерге жайгаштырылганын жана аларга уюштурулган “швед дасторкону» Кыргызстандан барган маданият кызматкерлерине “жарашпай” турганын айткан.

Тамакта түртүшүп-тартышып, талашып, тамактарды үйүп алышып, суусундуктарды жайгашкан бөлмөлөрүнө жашыктары менен ташып, жыйынтыгында калгандары ачка калып жатышат. Эң ачууңду келтирген жери, үйүп алган тамактарын толук жебей калып кетип жатканы», —дейт Бегимай Жаныбекова.

Мындан сырткары кээ биринин эрте келип тамактар даяр эмес болсо, алардын шашылып даярдоосу үчүн кыйкырып, ышкырып башташканын белгилеп, алардын сүрөт, видеого тартып жаткандарын эстен чыгарбашы керектигин айтып, балким алар кыргыздарга таң калып жаткандыгын белгилейт.