Марал Радиосу

5-мартта айрым аймактарда жаан, кар жаайт

5-мартта айрым аймактарда жаан, кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарына туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;

Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын табы түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+7.