Марал Радиосу

Март айында күйүүчү майдын баасы 3% арзандайт

Март айында күйүүчү майдын баалары 3 пайызга арзандашы мүмкүн. Мындай прогнозду Нефтетрейдерлер ассоциациясы чыгарууда.

Мекеменин директору Канат Эшатов «Маралга» билдиргендей, быйылкы жылдын эки айы ичинде өлкөдө күйүүчү майга болгон чекене баа былтыркы жылга салыштырмалуу төмөндөгөн. Алсак, январь-февраль айларында орто эсеп менен бензин 1,5 сомго арзандаган, ал эми дизель майынын баасы орто эсеп менен 1,3 сомго арзандады.

Ошондой эле быйыл Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен келишим түзүлгөн. Быйыл министрликке 116 миң тоннага жакын күйүүчү май керектелет. Анын ичинен 90 миң тоннасы дизель майы, 25 миң тоннасы бензин болуп эсептелет.