Биз менен байланышыңыз

АКШда катуу бороондон набыт болгондор 22ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 692 | 0

Америка Кошмо Штаттарынын Алабама штатында катуу бороондон (торнадо) каза болгондордун саны 22ге жетти. Бул тууралуу аталган округдун шерифи Ли Джея Джонс билдиргенин жергиликтүү WBRC телеканалы жазды.

Мурдараак АКШнын түштүгүндөгү Алабама штатындагы катуу бороондон 14 киши каза болуп, дагы 40 адам жапа чеккени кабарланган.

Шерифтин кабарлашынча, каза болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн, анткени дайынсыз болуп жаткандар тууралуу билдирүүлөр түшкөн.

“Биз бүгүнкү күндө колдон келгендин баарын жасадык. бул аймак өтө кооптуу. Торнадо райондогу имараттарга жана үйлүргө оор зыян келтирди”, — деп телеканалга билдирген.

Аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Алабама штатынын губернатору Кэй Айви буга чейин бүтүндөй штаттын аймагында чукул кырдаал жарыялаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM