Марал Радиосу

Чүй облусунун ветеринарлары акысыз мотоцикл алышты

Чүй облусунун ветеринарлары 1-мартта акысыз 254 мотоцикл алышты. Техникалар Эл аралык өнүктүрүү уюумунун демөөрчүлүгү астында “Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну өнүктүрүү” долбоорунун негизинде ишке ашырылды.

Мындан тышкары, мотоциклга кошумча термоконтейнерлер, баштыктар, күбөлүктөрү менен ветеринардык дары-дармектер берилди.

Донорлор белгилегендей, жакынкы убакта мындай жардам Талас облусунун ветеринарларына да берилмекчи.