Биз менен байланышыңыз

Борбор калаада мамлекеттик туу күнү белгиленди

Кыска кабар | 3 Мар 2019 | 637 | 0

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында бүгүн, 3-мартта мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Шаар мэри Азиз Суракматов кутуктоо сөзүндө, мамлекеттик туунун көз карандысыздыкты, патриотук сезимди, биримдикти жана мекенге болгон сүйүүнү билдирээрин айтып, жаңы бийиктиктерди, жеңиштерди багындырууга түрткү болоорун кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3- матрында кабыл алынган. Майрам катары 2009-жылдын 10-июнунда президенттин жарлыгына ылайык бекитилген. Туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Эдил Айдарбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыковдор болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM