Биз менен байланышыңыз

Ири салыктык карызы бар ишканалар өсүүдө

Кыска кабар | 3 Мар 2019 | 791 | 0

1-февралга карата Кыргызстандагы 69 ири компаниянын салыктык карызы  500 миң сомдон ашкан болчу. Бул компаниялардын жалпы салык боюнча карыздарынын суммасы 506 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Мындан бир ай мурда, ири салыктык карызы  бар жалпы 61 компания болуп,  алардын карызынын жалпы көлөмү 433 млн сомду түзгөн.

1-февралга карата жалпы салыктык карыздын 60%ын түзгөн беш ири компаниялар төмөнкүлөр:

-ААК «Бишкек машина куруу комбинаты» — 85 млн сом;

-«Бишкек кум комбинаты» — 76 млн сом;

-ЖЧК » Эталон Газ Сервис » — 43 млн сом;

-ААК»Өзгүн Иншаат  ве тижарет «- 41 миллион сом;

-ААК «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» — 38 млн сом.

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрөгасы Теңизбек Абжапаров карызы бар компанияларды ар түрдүү жол менен төлөөнүүсүн карап,  ишканалардын банктык эсептерин жабуу жолдору менен карыздарды төлөөнү талап кылган.

Copyright © 2017 Maral FM