Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 3 Мар 2019 | 670 | 0

Бүгүн, 3-мартта Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен кутуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда,  мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн белгиси – Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилинен куттуктаган.

«Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн таасын чагылдырып турат. Биздин башкы максатыбыз – Кыргызстанды урпактарыбыз сыймыктангыдай эркин жана өнүккөн мамлекетке айландырып, элибиздин бейпил жашоосу үчүн шарттарды түзүү»,- деп куттуктайт мамлекет башчы.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков эгемендүү мамлекетибиздин туусу элибизди ынтымакка, биримдикке жана жаратмандыкка чакырып, ачык асман алдында кылымдар бою көккө бийик желбирей берүүсүн каалаган.

Copyright © 2017 Maral FM