Марал Радиосу

Милиция Чүй-Турусбеков көчөсүндөгү имаратта тергөө жүргүзүп жатат

Бүгүн, 2-мартта Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ай-Рус мебель» имаратында тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тергөө-оперативдүү тобу уурдоо фактысы боюнча окуя болгон жерге чыгып кеткен.