Марал Радиосу

Быйыл 9 медреседе кошумча кесип үйрөткөн курстар ачылат

Кыргызстанда жаздан тарта медреседе окуган жаштарга жаңы кесип үйрөткөн социалдык долбоордун кезектеги этабы иштей баштайт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлайт.

Жаштарга кесип үйрөткөн «АВЕП» коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токоновдун айтымында, республика аймагындагы медреселердин суроо-талабын, кайсы кесипти үйрөнүүгө маани беришерин анализдеп чыккандан кийин, быйылкы жылдын эсебинен тогуз медресе тандалып алынды. Жыйынтыгында 300 жакын уландар менен кыздар жаңы кесипке ээ болуп чыгышат.

Долбоор Кыргызстандын бардык облустарын камтып, бир катар диний окуу жайлардын тарбиялануучулары ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим алышат.

Адистиктер “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник, “Тикмечи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багыттары боюнча үйрөтүлөт.

Долбоордун алгачкы этабы 2015-жылы башталып, “АВЕП” коомдук фонду жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы алдында ишке ашырылган.