Марал Радиосу

Абдыгулов: Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу

Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Абдыгулов күтүлбөгөн жагдай болбосо эле инфляция белгиленген чектен ашпай турганын айтат.

Анын билдиргенине караганда, Улуттук банктын божомолдору боюнча, кескин өзгөрүүлөр болбосо орто мөөнөттүк мезгил ичинде инфляция акча-кредит саясатынын максат кылынган 5-7% көрсөткүчүнөн ашпайт.

Мындан улам эсептик ченди (4,5%га чейин) төмөндөтүү чечими кабыл алынган. Инфляциялык тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк акча-кредит саясатынын багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн.