Марал Радиосу

2018-жылы «Кыргыз темир жолу» 514 млн сом кирешеси тапкан

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кирешеси 2018-жылда 514 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу аталган ишкананын башкы директорунун орун басары Куван Асанбеков билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылда темир жол аркылуу жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу көбөйтүлгөн.  Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча маршруттун кызматынан 300 миңге жакын жүргүнчү колдонгон. Алар негизинен ички жүргүнчүлөр.

Туризмди өнүктүрүү максатында быйыл сезондук «Ташкент-Балыкчы» каттамы ачылган. Мындан тышкары «Бишкек — Кара — Балта» автожолун реабилитациялоо учурда ыңгайсыз маселелерди чечүү максатында, «Бишкек — Кара — Балта» шаар четиндеги каттам ачылып иштеп жатат.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча темир жолдун үстүңкү курулушунун 24,1 км жаңыланган.