Марал Радиосу

Тиматинин «Black Star Burger» рестораны Бишкекте ачылат

Белгилүү орус рэп ырчысы Тиматинин «Black Star Burger» рестораны 6- мартта Бишкек шаарында ачылмакчы.

Уюштуруучулардын билдиришинче ресторандын техникалык ачылыш аземине белгилүү ата мекендик ырчылар катышып, концерттик программа менен коштолот.

Кошумчалай кетсек, Black Star Burger компаниясы 2016-жылы түзүлүп, Орусиядагы эң белгилүү ресторандардан болуп эсептелинет.