Марал Радиосу

Акылбек Жапаров облустар тууралуу айткан сунушуна түшүндүрмө берди

Маалым болгондой, депутат Акылбек Жапаров 27-февралда Марал радиосунун «Айлампа» уктуруусунда «Тыштан келген насыялар жана гранттар» тууралуу маек берген. Анда сырттан келген гранттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн, келген акчаны ар кайсы аймакка жана тармакка бөлбөй, ар бир облуска бирден өлкөнүн грантын толугу менен бөлүп туруу сунушун айткан. Бирок, депутаттын бул сунушу социалдык тармактарда сынга кабылган.