Марал Радиосу

Унаа терезелерин караңгылаткандарга көзөмөл кылуу ИИМге өттү

Автоунаалардын терезесин караңгылаткандарга чара көрүү укугу кайра Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына берилди. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди.

1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык, бул милдет Транспорт жана жолдор министрлигине берилген эле. Бирок министрлик терезеси караңгылатылган унааларды токтотуп, инспекторлор айып салып жаткан, биргеликте текшерүү жүргүзүү бир жолу болгон.

Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков кодекстерге киргизилген өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, автоунаасынын терезесин караңгылатып алган айдоочуларга айып салуу укугу инспекторлорго кайтарылды.