Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков облус жетекчилери менен аймактарды өнүктүрүүнү талкуулады

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 571 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-февралда, Өкмөттүн облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан маалымдашты.

Өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүү маселеси чиновниктердин ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыт болушу керектигин баса белгилеп, аймактардагы актуалдуу маселелер чечилмейинче, өлкөнүн өнүгүүсү мүмкүн эместигин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле аймактарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда алардын жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM