Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өкмөттүн башкы милдеттеринин бири – жумуш ордун түзүү

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 594 | 0

Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири жаңы, анын ичинде айыл жеринде жумуш орундарын түзүү болуп саналат, — деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү конференциянын жүрүшүндө.

Премьер-министр баса белгилегендей, айыл жерлеринде жумуш орундарынын жоктугуна байланыштуу эмгекке жарамдуу жаштардын басымдуу бөлүгү иш издеп башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болушууда.

«Бүгүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө биздин 730 миңдей мекендешибиз эмгектенишүүдө. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, биз өлкө ичинде иш орундарын түзүүгө жана жаштарды үйүнө кайтарууга багытталган чараларды көрүүнү улантабыз», — деди өкмөт башчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM