Марал Радиосу

Бюджеттин тартыштыгы 23 млрд сомдон 10 млрд сомго кыскарды

Бюджеттин тартыштыгы 23 млрд сомдон 10 млрд сомго кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  конференциянын жүрүшүндө айтты.

2020-жылы бюджетик тартыштык жок болот деп турабыз. Doing Business рейтингинде республика 77-орундан көтөрүлүп, 73-орунду ээледи. Биздин максат – баштапкы 50 өлкөнүн катарына кирүү. Биздин өлкөдө бизнесин баштоону каалагандар үчүн биз ыңгайлуу шарттарды түзүүдөбүз жана бул иштерди улантабыз», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Абылгазиев ошондой эле социалдык чөйрөдө жаңы объекттердин курулушу, аймактарда жол инфраструктурасы өнүгүүсү, көптөгөн айылдарда жолдор мамлекттик бюджеттин гана эмес, жергиликтүү бюджеттин эсебинендагы  курулуп ижатканын кошумчалады.

Exit mobile version