Биз менен байланышыңыз

Учурда 633 курал издөөдө турат

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 615 | 0

Учурда 633 курал издөөдө турат. 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу 1190 курал жоголуп, бүгүнкү күнгө 232 курал кайтарылып берилгендигин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ИИМдин өкүлү билдирди.

Маалыматка ылайык ошондой эле ички иштер органдары тарабынан 39 835 аӊчылык куралын колдонууга уруксат берилген. Андан тышкары, чет өлкөлүк жарандарга 157 тапанча сый катары тартууланган.

Кошумчалай кетсек, милиция органдарында катталбаган куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген адамдарга сый акы берилет. Гранатамет менен пулеметторго – 16 миӊ сом, автоматка – 9600 сом, тапанча же мылтыкка – 6400 сом, чолок мылтыкка– 3200 сом берилет.

Copyright © 2017 Maral FM