Биз менен байланышыңыз

Дипломатияны көзгө илбеген түрк элчиси

Саясат | 1 Мар 2019 | 2093 | 1

“Кайнак” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү, ишкер Эмин Кызылкаянын жактоочусу Денис Диканский түрк ишкеринин Бишкектеги бизнеси мыйзамсыз тартып алуу аракети болуп жатканын айтты. Буга Түркиянын Башкы прокуратурасы да тымызын кийлигишип жатканын да кошумчалады. Ал Кыргызстандагы сот органдары Түркия бийлигинин таасири астында туура эмес чечим кабыл алынышы мүмкүн деген тынчсыздануусун да жашырган жок.

Окуянын башы Түркиядагы 2016-жылы болгон төңкөрүш аракетине барып такалат. Анда ички саясий тирешүүдөн улам, аталган өлкөдөгү “Кайнак” ишканасынын мүлкү бийлик тарабынан тартылып алынган. Көп өтпөй Эмин Кызылкаяны Кыргызстандагы бизнесинен ажыратуу аракеттери башталган. Азыркы тапта бул иште Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын дагы ысымы аталууда. Буга негиз катары элчинин Жогорку Соттогу отурумдарга келип, катышып жатканын мисал келтирди.

— Биз коомчулуктун көңүлүн учурдагы ишке бургубуз келет. Менин жактоочум коркунучта турат. Анткени Жогорку соттогу ишке Түркиянын Кыргызстандагы толук, ыйгарым укуктуу элчиси өзү катышууда. Ошондуктан жактоочум тынчсызданууда. Балким элчилик тарабынан Жогорку сотко кандайдыр бир кысым болушу мүмкүн. Биз ойлойбуз кандай гана жагдай болбосун бул соттун иштөөсүнө тоскоолдук жаратат.

Түрк элчиси Женгиз Камил Фырат бул аракетин Түркиянын мамлекетине тийиштүү компания ортосунда сот болуп жатканы үчүн катыштым деп түшүндүрүүдө. Экинчиден, бул фирманын ишин Түркияда “террордук уюм” катары таанылган компаниянын өкүлдөрү жүргүзгөнүн эске салып, Кыргызстан менен Түркия мамилелерине залака тийгизип жатканын белгилейт. Ошондуктан эгер бул фирманын ишин токтотуу чечими сот тарабынан кабыл алынса, Түркия тараптан Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү дагы да артат деп ишендирүүдө.

Бул жерде Түркияга өткөрүлүп берилген маселесин талкуулап жатабыз. Ошондуктан расмий түрдө Түркия мамлекетине өткөрүлүп берилген бир уюмдун туура эмес иш чаралары  Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелерге залакасын тийгизип жатат. Ушул себептен биз буга мүмкүнчүлүк бербейбиз. Азыркы учурда Кыргызстанда “Н-Т КИТАП» ишканасы жана «Вефа» соода борборуна тиешелүү эки соттук териштирүү жүрүп жатат. Ушул эки териштирүү оң жагына чечилсе, Түркиядан чоң көлөмдө дагы кошумча инвестиция тартылып келинмекчи.       

Элчинин соттук чечимдерди дипломатияга байланыштырып жатканын эксперттер тараптан ар түрдүү бааланууда. Айрымдар кыргыз сотунун ички ишине кийлигишүү деп жатышат. Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиев дипломатиялык эрежелер боюнча Женгиз Фырат Кыргызстандын аймагындагы соттук иштерге катыша албайт. Себеби “элчилик кызмат” жогорку даражадагы макам.

Сот биздин аймакта болуп жатат. Ошондуктан буга элчи катыша албайт. Укугу да жок. Эгерде сот элчини чакырса анда да бара албайт. Мында кол алдындагы консулдарды жөнөтөт. Элчи өтө жогору даражадагы кызмат. Бул жерде элчи дипломатиянын тартибин бузуп жатат.

Ал эми “Сереп” изилдөө борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу жаңы дипломат келгенден бери Кыргызстанга басым кылган бир катар учурларын эске салды. Мындай мамиле эки өлкө ортосундагы инвестицияны арттырбай эле, кайра мамилени артка кетирет, -деп билдирди.

Азыркы элчи эмнегедир Түркиянын дипломатиялык тажрыйбасында болбогон, Кыргызстандын ички иштерине аралашып жатканы байкалат. Интернеттен эң жөнөкөй элчинин келгендер берки аракети деп издесең, пайдасы жок гана “Жабыш керек!”, “Тигини жөнөтүш керек!” деген агалык басым кылганы жөнүндөгү гана маалыматтарды табасын. Бул туура эмес. Бул эки элди гана эмес, бир элди экиге бөлүп калууда.

Кыргызстандын ичинде элди экиге бөлгөн тымызын иштер жер-жерлерде жүрүп жатканын өздүк булактар да тастыкташууда. Тагыраагы, элчилик айрым мамлекеттик мекемелерге кээ бир Кыргызстандагы эле айрым ишканалардын тизмесин атап, алар менен кызматташууну токтотуу талаптарын койгондугу айтылууда.

Мындай көрүнүш бир гана эл аралык саясий маанидеги иштерде эмес, Кыргызстандын ичиндеги коомдук иштерде сакталып жатканын журналист Айбек Турдалиев да байкаган. Ал буга чейин маркум журналист Улан Эгизбаевди эскерүү иш чарасын өткөрүү үчүн “Манас” университетине кайрылган. Сүйлөшүү маалында ага бир катар шарт койгонун өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анда окуу жайдын жетекчилиги “Ала-Тоо”, “БААУ”, “КОСУ” университеттеринин студенттери да келбесин деген талап коюлган. Турдалиев түрк окуу жайынын да саясатташып кеткенин сындап, буга бийлик чара көрүүсү керек деп эсептейт.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон кийин, биз иш алып барган мыйзамдар жогору болуусу керек. Бул жерде кайсы бир ишкана болобу же окуу жай болобу биздин мыйзамдарга баш ийип, биздин мыйзамдар менен иш алып баруусу зарыл эле. Бирок негедир ушул окуу жайда эл аралык деңгээлдеги саясий интригаларга аралаштырып жатканы мени кейитти. Мындай терс көрүнүштөрдү бийлик башынан эле токтотушу керек.

Эске салсак, Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат өткөн жылдын январь айында дипмиссиясын аткара баштаган. Быйыл туура бир жыл жылдан ашты.

1 пикир

1 пикир

  1. Бактыгул

    01.03.2019 01:04

    Женгиз Камил Туркиянын Кыргызстандагы толук укуктуу жана ыйгарымдуу элчиси макамы жогору, оз убагында ал озунун ордун билиши керек.Дагы эле Кыргыз окмотунун алсыздыгы корунуп турат, элчинин Кыргызстандын ички маселелерине кийлигишууго акысы жок, бул кыймыл арекеттер Туркия мамлекетинин саясий заказы экени ачык-айкын, даана эле корунуп турат. Женгиздин денгээли томон экен, озунун профессионалдык кызматын билип алышы учун 1967 жылкы дипломаттар учун кабыл алынган Вена Конвенциясын окуп чыгып, элчинин укуктары,милдеттери жана кызматын уйронсо адам экенин корсотмок.Кыргызстандын жараны катары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Женгиз Камил Фыратка бир канча жолу Кыргыз мамлекетине урматсыздык кылып, ички саясатына кийлигишкендиги учун Персона Нон Грата макамын ыйгарып, элчилик кызматын тез арада тапшырып,олкобуздон чыгып кетишин жузого ашыруусун талап кылам!!!.
    Мындай бет бак,абийрсиз,ботон жерде чар жайыт жургон, озунун ордун билбеген элчиге импичмент жарыялансын!!!.Женгиз Фырат сотко келуудон мурда Маариф мектебиндеги болгон окуяларга изилдоо жургузуп, чекит койуунун ордуна турк тарап коркок экенин корсотуп,мектептин мудурун качырып жиберди.Эгер Маарифтин мудуру ак болсо эмнеге качмак?Коркпой эле текшеруунун чечимин кутмок. Маарифтин мудуру куноосуз балдарыбыздын психикасын бузуп эле калбай, келечекте эр,толук инсан болуп чыгуусуна доо кетирди.Ал окуучулардын келечектеги абалын ким ойлойт? Эртенки куну алар кантип озуно келет? Мамлекетке болгон ишенимин ким кайтарат? Жардам колун ким сунат? Кыргызстан оз жарандарын коргой ала турганын ким колдоп, коргой алат?

    Урматтуу кыргыз эли жана жарандык коом Туркия элчисинин мыйзамсыз кыймыл аракеттерине конул кош болбой,демонстрацияга чыгыш керек элчиликтин имаратына.
    Кыргыз калкынын меймандостугун тебелеп, абийирибизге шек келтиргени жол бербейли, намысыбызды коргойлу!Жерибизди кордотпойлу!

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM