Марал Радиосу

Бишкекте баласын сатканы жаткан айым кармалды

Бишкекте бала сатуу кылмышына тиешеси бар деп шектелген үч аялды кармалды. Сатылганы жаткан бала жаңы төрөлгөн. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн 28-февралда кабарлады. Шектүүлөр убактылуу камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Кечээ жүргүзүлгөн ыкчам иш-чарада Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү — 1988-жылы туулган М.Н. кармалды. Ошондой эле бул кылмышка катышкан деген шек менен 1969-жылы туулган Т.Ж. жана 1993-жылы туулган Б.А. кармалды. Үчөө тең аял кишилер.

Бишкектин Биринчи май РИИБине 27-февралда белгисиз аял өзүнүн баласын сатууга аркет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (адам сатуу) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, деп маалымдайт басма сөз кызматы.