Марал Радиосу

Жылкыбаев: Быйыл Оштогу 4 айыл өкмөт дотациядан чыгат

Быйыл Ош облусунда 4 айыл өкмөт дотациядан чыгат. Бул тууралуу өкмөтүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев “Марал” радиосуна берген маегинде  билдирди.

Анын айтымында, учурда айыл өкмөттөрдү бириктирүү боюнча сунуштар түшүп жатат.

Акимдердин же облустардын ыйгарым укуктарынын кызматын жоюудан мурда өнүгүүгө тоскоол болуп жаткан жагдайларды карап чыгуу зарыл.

«Бүгүнкү абалда турган учурда губернатордук институтту карап көрсө болот. Биз коңшу мамлекеттердин губернаторлору менен сүйлөшүп жатабыз. Институтту жоюп салуу оңой, ал эми кармап калып, аны өнүктүрүү кыйын. Акимдер да, губернаторлор да өз алдынча иштеши үчүн жетиштүү каражат бөлүү керек», — дейт Жылкыбаев.

Анын маалыматына карганда, бүгүнкү күндө облустагы 20 айылга айыл статусун берүү маселеси каралып жатат. Айыл өкмөттөрдүн кирешесинин 75% жергиликтүү бюджетке калат. Бул өнүгүүгө таасир берет.

«Бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир райондук борборлор үчүн 3 чакырым асфальт жолго каражат бөлүнөт. Өкмөт кайсы социалдык объектилерге кандай өлчөмдө каражат бөлүнөрүн карап жатат. Дыйкан, фермерлер үчүн берилүүчү арзандатылган насыялардын суммасы жылдан-жылга өнүгүүдө. Мындан сырткары, Казакстандын Караганда облусу, Орусиянын Челябинск жана Кытайдын Гуанжо шаарлары менен достук мамиле түзүү боюнча чакыруулар бар» — дейт Жылкыбаев.

Жылкыбаев кошумчалагандай, Ош облусунда жерлерди трансформациялоо иштери узакка созулуп жатат. Айрым айыл өкмөттөр бир эле тилке үчүн 2-3 токтом чыгарган учурлар да бар. Аймактагы чек ара маселеси боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат.

Кылмыштуу топтор менен күрөшүү колго алынган. Укук коргоо органдарында жаш, ниети таза кызматкерлер иштейт жана кылмыштуулукка каршы аёосуз аракеттер болуп жатат.