Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өкмөт социалдык маанидеги гранттык долбоорлорду колдойт

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 569 | 0

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырыла турган долбоорлор биринчи кезекте аймактарды өнүктүрүү, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана санариптештирүү боюнча болушу керектигин бүгүн, 27-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Андрей Широков менен болгон жолугушуусунда белгиледи. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директоруАндрей Широков ар түрдүү жааттагы, анын ичинде ирригация, суу менен камсыздоо жана билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча өлкөдөгү иштердин мындан аркы пландары тууралуу айтып берди.

Өкмөт социалдык маанидеги гранттык долбоорлорду кыйла активдүү илгерлетүүнү, өлкө өнүгүүсү үчүн мааниси зор инвестициялык долбоорлорду даярдоону колдой турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM