Кыргызстанга заманбап стадион куруу боюнча 5 компаниядан сунуш келип түштү. Мындай маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Ага ылайык, кызыктар тараптар менен жолугушуу ушул жумага белгиленген.
Кошумчалай кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жаңы стадион куруларын, бул боюнча өкмөткө тапшырмаларды берген.