Марал Радиосу

Кыргызстанга келген гранттар боюнча 1-майда отчёт берилет

Кыргызстанга келген гранттар боюнча 1-майда толук отчёт берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде айтты. Учурда өлкөгө келген каражаттар тууралуу маалыматтар чогултулуп даярдалууда.

Депутаттын белгилешинче, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 3 млрд АКШ доллары көлөмүндөгү грант келген. Алардын басымдуусу энергетика, жол куруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагына багытталган.