Марал Радиосу

Транспорт министрлиги таксилерди милдеттүү каттоого алууну сунуштады

Кыргызстанда бардык таксилер каттоого турушу керек. Буга байланышкан документти Транспорт жана жолдор министрлиги коомдук талкууга койду.

Учурдагы мыйзамга ылайык өз алдынча такси кылгандар патенттин негизинде иштешет. Мында айдоочунун патент алып, өз алдынча иш жүргүзүүгө эч кандай тоскоолдук, талаптар жок.

Ошол эле маалда айдоочулар жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо боюнча талаптарды аткарбайт. Буга байланыштуу айдоочулардын министрликтин алдындагы автоунаа, суу транспортунун жана салмак-тыш ɵлчɵм көзөмөлдөө агенттигине каттоого туруусун киргизүү сунушталууда.

Каттоого турбаган айдоочуларга коммерциялык максатта жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга уруксат берилбейт.

Бардык таксилер тиешелүү белгилер менен жабдылышы зарыл.

Каттоодон өткөн таксичилерге атайын талон берилет.