Марал Радиосу

Абылгазиев жаңы төрөлгөн төрт эмге кам көрүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда жарыкка келген төрт наристеге жана анын энесине тийиштүү кам көрүп, кароого алууну тапшырды.

Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жаңы көз жарган эненин абалынан кабар алып, абалы начар бойдон калып жаткан төрт эмге жана анын энесине комплекстүү медициналык көмөк көрсөтүү маселесин көзөмөлгө алды.

Абылгазиев наристелердин өмүрүн сактап калуу үчүн натыйжалуу чараларды кабыл алуу зарылдыгын тапшырды.

Эске салсак, 25-февралда 28 жаштагы аял кесерево жолу үч кыз, бир эркек төрөгөн. Балдар мөөнөтүнөн эрте төрөлгөндүктөн абалы оор деп айтылган.