Марал Радиосу

Президент аймактарды өнүктүрүү боюнча жыйынга катышат

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарында “Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог аталышында конференция өтөт. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышат.

Конференцияга аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлик бутагынын, башка мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, дипломатиялык корпустун, ишкердик жана эксперттик коомчулуктун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чарада 2018-жылдын жыйынтыгын чыгаруу, келечекте орто-узак мөөнөттөгү аймактарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу, экономикадагы системалуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүү боюнча сунуштар, калк турмушунун сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди чечүү сунуштамаларын талкуулоо күтүлүүдө.