Марал Радиосу

Алмаз Тажыбай: АКШ Жээнбековдун тышкы саясатын колдоп жатат

АКШ Борбор Азия мамлекеттерине кол сунуп, жардам берүүгө даяр экендиги боюнча белги берип жатат. Бул тууралуу саясат тануучу Алмаз Тажыбай “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, АКШ  Курманбек Бакиевдин убагында Кыргызстандан чыгып кеткен акчаларды кайра кайтаруу менен президент Сооронбай Жээнбековдун тышкы саясатын колдоп жатат.

«КМШ өлкөлөрүнүн арасында тышкы саясат жагынан Кыргызстандын аброю көтөрүлүүдө. АКШ кайтарып жаткан акча аз эмес. Ал акча керектүү жактарга жумшалат. Кыргызстан тышкы саясат боюнча көп багыттуу алакага даяр болгондуктан бир гана Орусия же Кытайды карабай башка мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу зарыл. Бул өнүкпөгөн мамлекеттердин тышкы саясатында абдан маанилүү», — дейт Алмаз Тажыбай.

Ал мындан сырткары Орусия менен АКШ Кыргызстанга өздөрүнүн кызыкчылыгын көрсөтүп иштеп жатканын белгиледи.

«Орус лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарын утурлай Орусия тарап уюмдарынын аброюн көтөрүп, маалыматтык согуш болуп жатат», — дейт саясат таануучу.