Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Андрей Широковду кабыл алды

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 516 | 0

“Евразия фонду каржылаган долбоорлор өлкөнүн артыкчылыктуу улуттук долбоорлорунун тизмесине кирет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишке ашып жаткан долбоорлордун портфели 500 млн долларга жакындап калды», — деп айтты Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков Президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар финансылык, инвестициялык насыялар, гранттар маселелери, «Таза суу» долбоорун ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM