Биз менен байланышыңыз

АКШдагы жиу-житсу боюнча турнирде Самарбек Сабыржанов алтын байге алды

Спорт | 26 Фев 2019 | 654 | 0

Кыргызстан спортчусу Самарбек Сабыржан уулу АКШдагы жиу-житсу боюнча өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү аталды.

San Diego International Open 2019 турнири 24-февралда Сан-Диего шаарында (Калифорния штаты) болуп өттү.

Самарбек 64 килограммга чейинки салмактагы категория боюнча катышып, кимоно менен чыккан күч сынашууда Америкалык Мигель Окапаны жеңүү менен алтын медал тагынды.

Ал эми кимоносуз (No Gi) беттеште Кыргызстандык күрөшчү ачык салмактагы категория боюнча катышып, АКШ спортчусу Майкл Иглден жеңилүү менен, күмүш медалга ээ болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM